Mediaguru.cz сайтынан алынган маалыматка караганда, планшеттерге гана арналган мезгилдүү басылмаларга багытталган биринчи чех басма үйүнүн ачылышы даярдалууда. «Таблет Медиа» акционердик коомун «Экономиа» басма үйүнүн мурдагы башкы директору Михал Клима негиздеген. Коомдук-саясий жумалык даярданууда, ал жазда башталышы керек.